Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу
Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу жеке муктаждыктарга ылайык сапаттуу медициналык жардамга жана дарыланууга жеткиликтүүлүктү камсыз кылат. Камсыздандыруу жабуусуна амбулатордукжана стационардык дарылоо, диагностика, текшерүүлөр, дары-дармектер жана адистердин кызматтары кирет.
Программалар кардардын жаш курагын, ден соолук абалын жана артыкчылыктарын эске алуу менен иштелип чыгат. Бул камсыздандыруу ден соолукка байланыштуу чыгымдарды алдын ала пландаштырууга жана олуттуу оорулар учурунда финансылык тобокелдиктерсиз жардам алууга мүмкүндүк берет.
Корпоративдик кардарлар үчүн мындай камсыздандыруу кызматкерлердин ден соолугун колдойт, мотивациясын жогорулатат жана корпоративдик маданиятты бекемдейт. Ал медициналык кызматтарга өзубагында кайрылууну жана чыгымдарды көзөмөлдөөнү камсыз кылат. Медициналык коргоо ыңгайлуу, алдын ала болжолдуу жана ишенимдүү болуп калат.
